Оштун мэри күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди
Кечээ, 2-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын мэриясына караштуу Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын үлүш жерлерине күздүк буудайдын үрөнү себилди.
Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы кошумча 100 гектар жерге үрөн себилип, жалпы 200 гектар айдоо жер толугу менен камтылары күтүлүүдө.
Буудай себүү иштери шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Келечекте жердин аянты кеңейтилери айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















