super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Америкалык аял качып кеткен лабораториялык маймылды атып өлтүрдү

 

АКШнын Миссисипи штатында лабороториялык жаныбарларды ташып бара жатка унаа кырсыкка кабылган соң качып кеткен маймылдардын бири жергиликтүү тургун тарабынан атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, кечээ, 2-ноябрда маймылды Миссисипи тургуну Жессика Бонд Фергюсон өз короосунан көрүп, ок менен өлтүргөн. Анын айтымында, буга чейин тургундарга маймылдар кооптуу вирус алып жүрүшү мүмкүн деп кабарланган. Жаныбардын сөөгү жапайы жаратылыш департаментине өткөрүлгөн.

Эске салсак, 28-октябрда изилдөөлөрдө колдонулган жана С гепатити, герпес жана COVID-19 вирусун жугузган жаныбарларды ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, маймылдар качып кеткен. Ошол эле күнү полиция маймылдарды атып жок кылганын, бирок бирөө эркиндикте калганын кабарлаган.

Башында бир гана маймыл изделип жатат деп айтылганы менен, кийин бийлик дагы үч маймылдын дайынсыз экенин тактады. Бул окуя коомчулукта кооптонууну жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: