super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте жеке мектепте шаурмадан уулангандардын саны 84гө жетти

 

Бишкекте жеке мектептеги шаурмадан уулангандардын саны 84гө жетти, алардын арасында экинчи ирет кайрылгандар да бар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда 10 окуучу жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылды. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

"31-октябрда кечки саат 22:00 чамасынан баштап уулангандар ооруканага кайрыла башташты. Анда алардын саны 63гө жакындаган. Бейтаптарга жардам берилип, айрымдары ооруканага жаткырылды. Балдар бир күн бою мектептин ашканасында сүт, буламык, шаурма, буурчак шорпосу, круассан жешкен. Массалык уулануу фактысы боюнча санитардык-эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Учурда эспетирзаларга тийиштүү тамактардын баары алынган, анын ичинде шаурма да бар. Мектеп учурда жабык. Ал жакта тийиштүү тазалоо иштери жүрүп жатат",- деп билдирди департаменттен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мектеп жетекчилигине карата протокол түзүлүп, жалпы 33 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: