super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-ноябрдан 9-ноябрга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул аптада жашооңузда адаттан тыш активдүүлүк байкалат. Бир нерсени өзгөртүүгө, жаңы нерсе жаратууга каалооңуз күчөйт. Ал эми жакындар менен мамиледе сак болууңуз керек. Талашып-тартышып, күчүңүздү көрсөтүп басым жасоонун кереги жок. Тескерисинче, жумшак мамиле жасасаңыз, алар үчүн дүйнөдөгү эң мыкты адам болосуз. Аптанын аягында көптөн күткөн жаңылык угушуңуз күтүлөт. Электр приборлору менен иш алып барууда сак болуңуз, токко урунуу коркунучу бар.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Санаага салган ойлор артка жылып, туруктуулук сезимине кабылып жан дүйнөңүз тынч алганын байкайсыз. Мунун артынан романтикалык жаатта да мамилелер бекемделет, чыныгы сүйүүгө кабылууңуз мүмкүн. Жумушта кесиптештериңиздин бири менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Аптанын экинчи жарымында маанайыңыз өзгөрмөлүү болуп, мурда пландалган иштерден баш тартышыңыз мүмкүн, андыктан алдын ала план түзбөй эле койгонуңуз туура болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бул күндөрү логикага эмес, көбүрөөк интуицияга ишениңиз. Түш, алдын ала эскертүүлөр, кокустуктар – мына ушундай белгилерге көңүл бурууңуз керек, алар сизге керектүү багытты көрсөтүп беришет. Чыгармачыл жаатта иштегендер идеяларын, пландарын ишке ашырууга шашпай, дагы да ойлонууга, жакшылап иштеп чыгууга убакыт бөлгөнү жакшы. Ден соолукка көңүл бурганды унутпаңыз, аптада кан басымы жогорулар, өнөкөт баш оорусу барлар кыйналышы ыктымал.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Финансылык абалыңыз жакшырып кубанасыз. Бул каржы булагы жакындарыңыз тарабынан колдоо катары берилиши мүмкүн. Алдыңызда жаңы кыял, максат жаралмакчы. Ага жетүүгө алгачкы кадам таштасаңыз, акырындап жетесиз. Жумушта өзүңүз жөнүндө айткандан, кесипкөйлүк сапаттарыңызды далилдегенден тартынбаңыз. Бойдоктор аракет кылбай эле койсо болот, анткени керектүү адам өзү аракет кылып сизди табат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк атмосферада тынч өтүшү күтүлөт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Эски күндөрдү эске салган жолугушуу болушу мүмкүн. Бул жолугушуунун арты менен түшүнүксүз болуп келген сырдын түйүнүн чечесиз. Аптада эффективдүү иштөөгө каалоо жок болот. Андыктан көңүлүңүздү жеке жашоодогу маселелерди чечкенге буруп, үй тиричилигиндеги жумуштарды аткарганга аракет кылыңыз. Өзүңүз тууралуу ушак-айың кеп угасыз, аны териштирип энергия коротпой эле коюңуз, чындык баары бир белгилүү болот. Жакын адамыңыздан конокко чакыруу аласыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Дүкөн же базарга чыгып соода кылышыңыз күтүлөт. Үйдөн белгилүү өлчөмдө гана акча алып чыгыңыз, болбосо токтоно албай ашыкча акча сарптап салышыңыз мүмкүн. Жолугушууга барарда пунктуалдуу болуңуз, болбосо кечиккениңиздин айынан пикир келишпестик жаралышы күтүлөт. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз, анан да документ иштеринде так болуу сунушталат. Аптанын аягында достор менен активдүү эс алууну пландаңыз, бул топтолгон стрессти чыгарууга көмөктөшөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аптада таразалар ашыкча эмоционалдуу болушат. Бул эмоцияны чыгаргысы, кимдир бирөө менен урушкусу да келиши ыктымал. Жаман кесепеттердин алдын алып, физикалык көнүгүү, кара жумуш же башка жакка энергия сарптоо сунушталат. Саякатка чыгууга ылайыктуу убакыт. Жаңы жер, жаңы жагдайлар маанайыңызды көтөрүүгө жардам берет. Каржы жаатында иреттүүлүк керек, алдын ала пландап иш кылганыңыз оң. Махабат талаасында туруктуулук жана гармония өкүм сүрөт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Ички күчүңүз ойгонот. Жаңы бийиктиктерди багынтууга даяр болосуз. Бул аралыкта бүтпөй келген иштерди колго алсаңыз да ийгиликтүү бүтүрө аласыз. Карьерада, ошондой эле жеке жашоодо өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Өткөндү коё берип, жаркын келечекке ишене билиңиз. Үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдегенге аракет кылыңыз, кыйын кезеңде алар жардамга биринчи келишет. Жашооңузга экстрим жетишпей жатат, мыйзамга каршы келе турган иштерден башкасынын баарын жасасаңыз болот.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Туура эмес максат коюп алып, ага жетүү үчүн бекер күч, убакыт, энергия коротпой элесизби, ойлонуп көрүңүз. Жакшы себеп менен жолго чыгышыңыз мүмкүн. Сүйүү жаатында жашооңузда жагымдуу эмоцияларды чакырган жолугушуу, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн күтсөңүз болот. Өзүңүздү өстүрүүчү бир нерсе менен алек болгонуңуз жакшы. Өткөн чактан маанайыңызды түшүргөн эскерүүлөр орун алышы мүмкүн. Апта соңунда кызыктуу адамдар менен баарлашуу кубанычы тартууланат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечер жылдызындагылардын “сахнага чыкчу” убактысы. Жумушуңузда активдүүлүк күтүлөт. Харизма, талант, жөндөмүңүз бааланып, жогорку тепкичке көтөрүлөсүз. Бул жакшылыктын арты менен үйүңүзгө куттуктап келген адамдар болот. Өз маселесин айтып келгендер болот, жакшы ойлонуп кеңеш бериңиз, жардамы тиет. Жеке жашоодо тынчтык, туруктуулук өкүм сүрөт. Дем алыш күндөрү тынч үйдө жата албайсыз, убакыт үйдүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн чечүү менен өтөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Узак убакытка көп нерсени пландап койдуңуз беле? Анда жылдыздар бардык картаны аралаштырып саларын эскертишет. Жеке жашоодогу күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн улам баарын кайрадан пландоого туура келет. Бирок бул өзгөрүүлөрдүн баары жагымдуу маанайда өтмөкчү. Жеке мамиледе романтикалык жолугушуулар жана жагымдуу эмоциялар орун алмакчы. Энергияңыз жок болуп, өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Муну жоюу үчун эмне кылуу керек? Албетте, тынч эс алуу кажет.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Тобокелчиликке барбасаңыз эле апта бир калыпта, тынч өтүшү күтүлөт. Ойлонулбай жасалган чечимден алыс болуңуз, ката кетирип алышыңыз мүмкүн. Романтикалык жаатта баары жакшы, сүйүктүүңүздөн сюрприз күтө берсеңиз болот. Улуу муундагы туугандарыңызга сиздин жардамыңыз керек болушу ыктымал. Денеңизге майда-чүйдө жаракат келтүрүү коркунучу бар: столдун бурчуна урунуу жана башка ушул сыяктуу. Карызга акча алуудан качыңыз, бере албай убара тартасыз.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: