super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

32 букасын айдап кетип... Чүйдө 2 миллион сомго алдап кеткен жаран кармалды

 
Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кара-Балта шаарынын 1984-жылы туулган тургуну А.С. арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-февралда өзүн "А" деп тааныштырган бейтааныш адам анын ишенимине кирип, 32 баш букасын ар бирин 78 миң сомдон баалап, жалпы 2 миллион 496 миң сомдук малды карызга алып кеткенин билдирген. Бирок ал жаран букаларды белгисиз адамдарга сатып жиберип, түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгына коротуп, убадасын аткарбай дайынсыз жоголгонун айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: