super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эмгек министрлиги жарандардын 10 миллион сомдой айлык акысын өндүрүп берди 

 

Жарандардын төлөнбөй келген 63,1 миллион сом компенсациясы жана 9,6 миллион сом эмгек акысы өндүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тарта инспекторлор тарабынан 935 текшерүү жүргүзүлүп, 1009 мыйзам бузуу аныкталган. Үчүнчү чейректе алардын саны жыл башындагыга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге өскөн.

"Жумуш берүүчүлөргө 1320 көрсөтмө берилип, 6,37 миллион сом айып пул салынган, анын ичинен 4,67 миллион сому төлөнгөн. Эмгек коопсуздугу тармагында 123 кырсык катталып, 135 адам жабыркаган, алардын 51и каза болгон. Оор жаракаттардын саны 32ден 21ге чейин кыскарды",- деп жазылган маалыматта.

Көзөмөлдүк иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлерге 63,1 миллион сом компенсация жана 9,6 миллион сом төлөнбөгөн эмгек акы төлөнүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: