super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров алгачкы жолу Египетке расмий сапары менен барат

 

Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4-5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египетке расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат.

"Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот.

Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир алкаларынын мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт",- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: