Месси 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна катышуу чечимин кабыл алды
Америкалык "Интер Майами" клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эң башкысы – каалоонун болуусу. Ал бар, абдан чоң. Бирок маанилүүсү – өзүмдү жакшы сезип, командага пайда алып келип, максималдуу деңгээлде ойногонум. Курама командада ойноо ар дайым өзгөчө сезим, ал эми Дүйнө чемпиондугунда ойноо андан да чоң сезим тартуулайт",- деди ал берген маегинде.
Месси профессионалдык карьерасын 13 жашында аргентиналык "Ньюэллс Олд Бойз" клубунан "Барселонага" өткөндөн баштаган. Клубда 17 жыл ойноп, легендага айланган. "Барселона" менен 778 оюнда 672 гол киргизип, 10 жолу Ла Лига, 4 жолу Чемпиондор Лигасы, 7 жолу Испания Кубогун уткан. 2021-жылы финансылык көйгөйлөрдөн улам "Пари Сен-Жерменге" өткөн, ал жакта Франция чемпиондугун уткан. 2023-жылы MLS'ге барып, "Интер Майами" менен Лига кубогунун жеңүүчүсү болгон.
Курама командада 2005-жылдан бери ойноп, Америка кубогу жана Дүйнө чемпиондугу сыяктуу негизги турнирлерде жеңишке жеткен. 2022-жылы Катардагы Дүйнө чемпиондугунда 7 гол киргизип Аргентинаны титулга жетелеген. Месси лидерлиги, чеберчилиги менен Аргентина футболунун символу болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















