Бир жумада өлкө ичинде 320 мас айдоочу аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 27-октябрдан 2-ноябрга чейин 22 804 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 844;
-Мас абалында транспорт каражатын башкаруу - 320;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 165;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 043;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 251;
-Авто ээнбаштык - 29;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 754;
-Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 515;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 880 унаа айып короо жайына токтотулган.
Жол тескөөчүлөр айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















