Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт
Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.Анын айтымында, буга чейин башка мамлекеттик кызматтар менен биргеликте өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номурлуу унаалар аныкталган.
Бул багытта өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин мөөнөт белгиленип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унааларга 10-аймактык мамлекеттик кыргыз номурларын алуу талабы коюлган. Кыргыз номурларын өз убагында албаган чет өлкөлүк унаалар тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши керектиги эскертилген.
Ошондуктан өлкө башчысынын жарлыктарын жана министрлер кабинетинин токтомдорун аткаруунун алкагында чет өлкөлүк номур менен жүргөн айдоочуларга карата жакынкы күндөрү ири масштабдагы рейддик иш-чаралар өткөрүлөрү эскертилди.
Рейд учурунда аныкталган чет өлкөлүк номурлуу унаалар айып короо жайына токтотулуп, андан ары чыгарылбай, утилдештирилери маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















