super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Манас шаарында маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

 
Бүгүн, 3-ноябрда Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Анда калаа башчысы Эрнисбек Ормоков маданият тармагында талыкпай эмгектенген өнөр ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жамааты тарабынан “Нурамандын ак чатыры” спектакли келген конокторго көрсөтүлдү. Мындан сырткары, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын, Жалал-Абад маданият сарайынын, Жалал-Абад маданият техникумунун, Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин, “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун жана көркөм сүрөт мектебинин эмгек жамааттары тарабынан биргелешкен чоң программадагы концерт тартууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: