Оштогу борбордук стадиондун кире бериши көрктөндүрүлөт
Ош шаарындагы Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун кире бериши бөлүгү көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Борбордук стадиондун айланасы буга чейин ар кандай учурларда жеке тараптарга пайдаланууга берилип, анын кесепетинен баш аламан курулуштар пайда болуп, стадиондун жалпы көрүнүшүнө жана эл аралык талаптарга жооп берүүсүнө терс таасир тийгизген.
Жергиликтүү бийлик тарабынан стадиондун айланасындагы жана каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулуп, аймак баштапкы абалына келтирилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Аймакты иретке келтирүү жана кооздоо, деги эле шаар аймагындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилген. Анын негизинде Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан стадиондун кире бериш бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Бул долбоордун максаты - борбордук стадиондун айланасын кооз, таза жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу мейкиндигине айлантуу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















