Орусияда энелик укугунан ажыратылган аял баласын уурдап кеткен
Орусиянын Омск облусунда бала уурдоо иши боюнча 32 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 2-ноябрда болгон. Ата-энелик укугунан ажыратылган аял чоң энеси менен жашаган 10 жаштагы уулун үйүнөн уурдап кеткен. Ал баланы белгисиз жакка алып кеткен.
Учурда тергөөчүлөр эне менен баланын кайда экенин, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө жана издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
"Баланы уурдоо боюнча кылмыш иши козголду", - деп берилет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















