АКШ Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө баңгизат ташыган кемеге сокку урду
АКШнын Куралдуу күчтөрү Тынч океандын чыгышындагы эл аралык деңизде баңгизат ташып бара жаткан кемеге аба соккусун жасаганын Пентагондун башчысы Пит Хегсет X социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, террористтик уюмга таандык кемеге АКШ президенти Дональд Трамптын көрсөтмөсү менен кинетикалык сокку урулган.
Хегсеттин маалыматына караганда, чабуулдун жыйынтыгында кемеде болгон эки "наркотеррорист" жок кылынган, ал эми америкалык аскерлердин арасында жапа чеккендер жок.
Эске салсак, 2-ноябрда Хегсет АКШнын Кариб деңизинде да ушуга окшош дагы бир кемеге сокку урганын билдирген.
Айрым эксперттердин баамында, бул аракеттер АКШнын Венесуэладагы айрым объекттерди көзөмөлгө алуу операциясына даярдык болушу мүмкүн, анткени Вашингтон баңгизат картелдерине каршы күрөштү күчөтүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















