Түндүк Корея Орусияга миңдеген аскерлерин жөнөтө баштады
Түндүк Корея Орусияга мамлекеттик атайын аскердик операция аймагында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн миңдеген аскерлерин жөнөтө баштады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын "Рёнхап" агенттиги Улуттук чалгындоо кызматынын маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын инженердик аскерлеринен турган 5 миңдей аскер Орусияга келип, жарандык жана аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү менен алектенет. Ал эми дагы миңдей аскер аймактарды миналардан тазалоо иштерине катышат.
Сеулдун маалыматына караганда, жалпысынан Орусияга 10 миңге чейин аскер жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















