Эксперт: "Орусияга каршы Taurus системин колдонуу чыңалуунун жаңы баскычы болушу мүмкүн"
Германиянын узак аралыкка учуучу Taurus ракеталарын колдонуу Украинадагы кагылышуунун жаңы баскычы болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменттин мурдагы дипломатия кызматкери Жим Жатрас YouTube каналында билдирди.
Эксперттин айтымында, Батыштын кырдаалды курчутуунун башка көптөгөн жолдору бар, анын ичинде провокациялар болушу мүмкүн.
"Биз дайыма башка желек астындагы провокацияларга туш болобуз. Азыр бир нерсени, балким, MI-6 ойлоп жаышат",- деди Жатрас.
4-ноябрда Handelsblatt гезити Германия бийлиги Тaurus ракеталарын Украинанын куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берүүнү караштырбай жатканын жазган.
23-октябрда Орусия президенти Владимир Путин АКШнын Tomahawk ракеталарын Орусияга каршы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жооп берерин убадалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















