Туманбаев мөөнөтсүз алынган айдоочулук күбөлүктөр боюнча толук маалымат берди (видео)
Бүгүн, 5-ноябрда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев түз эфирде мөөнөтсүз алынган айдоочулук күбөлүктөр боюнча толук маалымат берди.
Анын айтымында, 2026-жылдын январь айынан тарта эски үлгүдөгү бардык мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына алмаштырылат, алардын колдонуу мөөнөтү 10 жылды түзөт. Ал эми 10 жылдык болуп берилген эл аралык күбөлүктөр качан гана мөөнөтү аяктаганда гана жаңысына алмаштырылат.
"Билесиздер, биздин кошуна мамлекеттерде таанылбайт, бирок өлкөбүздө колдонулган мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгүбүз бар. Аларды алмаштыруу системи акысыз. Эч кандай экзамендер тапшырылбайт. 2026-жылы январь айынан баштап келип алмаштырып кетсеңиздер болот. Ал эми азыркы учурда 10 жылдык мөөнөткө берилип, колдонулуп жаткан айдоочулук күбөлүк иштей берет. Эч ким аны мажбурлап алмаштыргыла деп айтпайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан жаңы айдоочулук күбөлүк ала бересиздер",- деди Туманбаев.
Бул аракеттердин баары жолдогу кырсыктарды алдын алууга коюлган багыт экендиги түз эфирде кошумчаланды.
Туманбаев мөөнөтсүз алынган айдоочулук күбөлүктөр боюнча толук маалымат берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















