Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдууларды тапшырды
Бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ташиев аталган борборго эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берген. Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин турукташтыруу фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылган. Ошол эле учурда борбордун дарыгерлери УКМКнын жетекчисине ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышкан.
Өз кезегинде Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилерин убада кылган.
Мындан тышкары, ал келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















