"Бир да сотко чалбайм". Медербек Сатыев туугандарынын өтүнүчүн аткарбай турганын айтты
Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев "Биринчи радиого" курган маегинде туугандарынын ишине байланышкан өтүнүчтөрүн аткарбастыгын билдирди.
Ал туугандарын ишине аралаштырбай турганын, алардын маселесин чечүү үчүн сот кызматкерлерине көрсөтмө бербестигин айтты.
"Ал иш, бул иш" деп келишет. Мен мыйзам чегинде чечкиле деп айтам. Мен бир да сотко чалбайм. Бул нерсе башка сотторго да тиешелүү болушу керек", - деди ал.
Медербек Сатыев туугандарынын өтүнүчүн аткарбай турганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















