Садыр Жапаров Египеттеги пирамидаларды көрдү
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Египетке болгон расмий сапарынын маданий программасынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплекси жана Чоң Египет музейи менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысына Египеттин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу айтып беришкен. Андан соң Жапаров Египеттин ррезиденти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Египет музейине барган.
"Музей байыркы Египет артефакттарынын коллекциясы чогултулган дүйнөдөгү эң ири археологиялык музей болуп саналат. Мамлекет башчысы уникалдуу экспонаттар менен таанышып, музейдин дүйнөлүк маданий мурасты сактоодогу маанисин белгиледи.
Соңунда Садыр Жапаров музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, мисир тарапка жылуу кабыл алуу жана улуу цивилизациянын тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















