Дагы эки жаран Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышуудан дагы эки жаран баш тартканын билдирди. Ага ылайык, алардын арыздары кечээ, 5-ноябрда БШКнын жыйынында каралган.
Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Парманкулов Замирбек Култаевич,
- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Керимбаев Азим Белекович.
БШК жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, № 25 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Керимбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Алгожоевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдылдаевдин каттоолорун жокко чыгарды.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















