Ташиевдин Токмоктогу жыйынында кармалгандарга сот өкүм чыгарды
Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жана "Аль-Кадр" курулуш компаниясынын жетекчисине сот өкүмү чыкты.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 6-ноябрда Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы менен мэриянын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысын Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Ал эми техникалык көзөмөл боюнча адис Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси, тагыраагы, кылмышка кошо катышуучу деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен 11 жыл 3 айга камакка алынган. Ошондой эле аталган компаниянын жетекчиси да кылмышка кошо катышуучу катары айыпталып, "Коррупция" беренеси менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Соттолуучулардын бардыгынын мүлктөрү конфискацияланган.
Токмок шаарынын мэри Максат Нусубалиевге болсо 13 жылдык жаза чегерилген.
Эске салсак, алар 24-июнда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында өткөргөн жыйынында кармалышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















