super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жогорку окуу жайда окуган индиялык студенттер баңгизат сатууга шектелип кармалышты

 

Индиядан баңгизаттарын ташып келип, өлкө ичине сатышкан деген шек менен 19 жана 22 жаштагы индиялыктар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат алар өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын биринде окушарын белгиледи. Индиялыктар баңгизаттарды Instagram'да Indianproduct аталышындагы онлайн дүкөн аркылуу сатып келишкен. Алардын жашаган жеринен болжол менен 1 килограмм баңгизат каражаттары, ошондой эле психотроптук баңгизаттар табылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК учурда баңгизаттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






Жогорку окуу жайда окуган индиялык студенттер баңгизат сатууга шектелип кармалышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: