super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке алынды

 

Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 8,5 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, "Болот" дыйкан чарбасынын башчысы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Баткен шаарындагы 1,5 гектар, Баткен районундагы Кыштут айылындагы 5 гектар жер тилкелери, ошондой эле "Кызыл-Бел-Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан 2 гектар жер тилкеси мамлекетке алынды.

"1994-1995-жылдары жаңы түзүлгөн "Болот" дыйкан чарбасына Баткен районунун жана Баткен шаарынын аймагынан айыл чарба багытындагы жер тилкелери бөлүнүп берилген. Кийинчерээк жер тилкелери чарбанын жетекчиси тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, жарым-жартылай сатылып кеткен.

1988-жылы "Агропромэнерго" ишканасына мамлекет тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. 1996-жылы аталган ишкана "Баткенайылэнерго" ЖЧКсы болуп кайрадан түзүлгөн. 2009-2022-жылдары карамагында турган мамлекеттин жерлери ишкананын директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, андан ары коммерциялык багытка трансформацияланган", - деп жазылат маалыматта.

УКМК менчик ээлери ыктыярдуу негизде кайтарышканын кошумчалады.






Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: