super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жакында эле өрт жалмаган Бишкектеги кинотеатрды маданий борборго айландыруу сунушталды

 

Бишкек шаарынын мэриясы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратын маданий борборго айлантуу демилгесин көтөргөнүн билдирди.

Мындан улам шаар башкармалыгы кинотеатр боюнча токтом долбоорун Министрлер кабинетине макулдашууга жөнөткөн. Токтомдо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу болгон кинотеатрды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүү сунушталганы белгиленди.

Мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган имаратты жаңылап кайра куруу боюнча милдеттенме алат. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан объекттин эскиздик планы даярдалган. Токтом долбооруна кол коюлгандан кийин, имаратта демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, анын ордуна заманбап маданий борбор курулмакчы.

"Бул маданий борбордо шаар тургундары жана коноктору үчүн бардык шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай жана керектүү инфраструктура каралат", - деп айтылам маалыматта.

Эске салсак, 2 күн мурун, тагыраагы, 6-ноябрда Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратынан өрт чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: