Бычак менен коркутушуп... Бишкекте каракчылыкка шектелген өспүрүм балдар кармалышты
Бишкекте 18 жаштагы 3 жана 16 жаштагы 1 өспүрүм бала каракчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 19-октябрда Бишкектин тери заводунун аймагында бир кишини бычак менен коркутуп, iPhone XS жана Redmi Note үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Шектүүлөрдүн биринен эки бычак жана тартып алды делген бир телефон табылган.
Бишкек милициясы тергөөдө алардын ушундай мүнөздөгү башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















