Дайырбек Орунбеков президентти колдоп келгендер билимине жараша жумуштарга киргенин жазды
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өлкө башчысы Садыр Жапаровду колдоп келгендер билимине жараша жумуштарга киргенин билдирди.
"Президент Садыр Жапаров убагында өзүн колдоп жүргөн тарапташтарын 2020-жылдан кийин чогултуп: "Буга чейин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Силер мени ак иштесин, мыйзамдуулукту орнотсун деп колдоп келдиңер, эми мен ал үмүттөрдү ишке ашырам. Ошондой эле силерден дагы мыйзамсыз иштерге барбоого, жеке кызыкчылыгыңар үчүн мамлекетке залал келтирбегиле деп суранам" деп кайрылган.
Колдоп келгендер билим тажрыйбасына жараша жумуштарга кирди. Жумушту алып кеткени иштеп жүрөт, ал эми жумушту тарта албай, ар кайсы мыйзамсыз иштерге аралашкандар жумуштан алынды. Президент дагы бир сөзүндө "мен азыр жалпы журтка бирдеймин" деп жакындарына дагы бир жолу эскерткен. Бул арада "мен убагында колдоп жүргөм, мага боло берет" деген бир канчасы камалып кетти. Ал тургай мыйзамсыз аракеттери үчүн президент жакын тууганын дагы каматып салган", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:38
2025-11-08
22:23
2025-11-07
21:24
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















