Рацека чокусунда калган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы Хижина Рацека чокусунда бутун кокустатып алган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, ӨКМге кечээ, 8-ноябрда билдирүү түшөрү менен жерине 4 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар алгач 29 жаштагы альпинистке медициналык жардам көрсөтүшүп, саат 22:00дө аны Шаркыратма тилкесине алып түшүшкөн.
Саат 23:50дө куткаруучулар орусиялыкты Рацека лагеринен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.
Рацека чокусунда калган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















