Бишкекте кампалардын биринен документтери жок телефондор табылды
Бишкекте документтери жок телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.Маалымдалгандай, ал жайды текшерүүдө 487 даана телефон, 1929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылган. Алынган товарларга тиешелүү актылар түзүлдү.
Салык кызматы учурда товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи. Тагыраагы, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Бишкекте кампалардын биринен документтери жок телефондор табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















