super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Украинага барган Анжелина Жоли пост жазды

 

Жакында Украинага барган голливуд жылдызы Анжелина Жоли өзүнүн Instagram баракчасында билдирүү жарыялап, видео менен бөлүштү.

Актриса ал жакта дрондордун тынымсыз чабуул коркунучу астында жашаган үй-бүлөлөр менен жолукканын жазды.

"Бул аптада мен фронтто жашаган үй-бүлөлөр менен жолугушуу үчүн Украинанын Николаев жана Херсон шаарларына бардым. Дрондордун коркунучу тынымсыз болуп турду жана ал жерде болуу кыйын болду... Биз токтоп, дрондун асмандан учуп өтүп кетишин күтүүгө туура келген учур болду.

Мен үчүн бул бир нече күнгө гана созулду. Бирок бул жердеги үй-бүлөлөр күн сайын ушуну менен жашашат. Алар мектептерди, клиникаларды жана бала бакчаларды жертөлөлөргө көчүрүп, кандай болгон күндө да жашоосун улантууга бел байлашкан", - деп жазды ал.

Посттун аягында актриса дүйнө жүзү боюнча эмне үчүн мынчалык көп адамдар адилетсиз түрдө жамандыктан жапа чегип жатышканын түшүнбөй турганын белгилеп, дүйнөлүк лидерлерди Украинадагы жана согуштан жапа чеккен башка өлкөлөрдөгү жарандарды коргоо үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Буга чейин интернет желесинде Анжелина Жолинин Ураинада жүргөн сүрөттөрү тараган.







Анжелина Жоли

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: