Садыр Жапаров учактагы 35 саатын элди түйшөлткөн маселелерге жооп жазуу үчүн короткон
Өлкө башчысы Садыр Жапаров жалпысынан учакта болгон 35 саатын элди түйшөлткөн 3 маселеге жооп жазуу үчүн кетиргенин билдирди.
Президент социалдык тармактагы баракчасына жазган постунда ал маселелер электр энергиясы, тышкы жана ички карыз, ошондой эле айдоочулук күбөлүк боюнча экенин тактаты.
Алгач электр энергиясына токтолгон Садыр Жапаров элдин талкуусунда калган "чексиз тариф" боюнча түшүндүрмө берип, ал токтотулганын белгиледи. Ошондой эле ал өзү бийликке келгенге чейин аталган тармакта жемкорлук иштер болуп келгенин, бийликке келгенде аларды жоюу иштери жүргүзүлгөнүн билдирип, 2 жылдан кийин өлкө электр энергиясына болгон муктаждыктан кутуларын убада кылды. Бул маселенин келип чыгыш жолун түшүндүрүүнү аяктап жатып, элди электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырды.
Садыр Жапаров тышкы жана ички карыздарды төлөөдө кыйынчылыктар жаралбастыгын, анткени экономика өсүп жатканын мисал кылды. Анын айтымында, мамлекет эгемендик алгандан бери топтолгон карызды төлөө азыркы бийликке туш келген. Андыктан мамлекет карыздары үчүн 2020-жылдан ушу убакка чейин 285,4 миллиард сом төлөгөн.
"Тышкы карыздардан 2035-жылга чейин эч кыйналбастан толук кутулабыз. Анткени бүгүн экономикабызда өсүш жогорку темп менен бара жатат. Алдыда 15-20 жыл ушул темп менен өсөт. Себеби чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Дагы да инвестициялар кирет. ИДПбыз мындан да жогорку көрсөткүчкө жетет.
Мамлекеттик карыздын туруктуулугу анын ИДПга болгон катышы аркылуу аныкталат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 42 пайызды түзөт. Мурда бул көрсөткүч 68 пайыздан 84 пайызга чейин жеткен учурлар болгон. Ошол себептен бүгүн кооптонууга эч негиз жок", - дейт президент.
Өлкө башчы атаган үчүнчү маселеге да кеңири токтолуп, айдоочулукту окутууну 14 айга узартуу жол кырсыктарын азайтуу үчүн керектигин билдирди. Мамлекет башчысы бул тармакта буга чейин күбөлүктөр сатылып келген болсо, эми эч качан сатып алуулар болбостугун айтты. Ошондой эле Садыр Жапаров чоң адам айдоочулук күбөлүктү 14 айдан азыраак окушу мүмкүн экенин билдирип, ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат берилерин кошумчалады.
"Өлкө боюнча бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгууда", - деп жазды ал.
Президент сөзүнүн аягында аталган маселелерди "тоодой кылып" көрсөтүп, элди козутууга аракет кылган топтор бар экенин айтып, бийлик алардын төңкөрүш жасоосуна жол бербестигин эскертти.
"Мурдагы алсыз мамлекет жок. Мамлекет азыр күчтүү. Элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр", - деп жыйынтыктады.
Айта кетсек, буга чейин айдоочулук күбөлүктү окутуунун мөөнөтүн 14 айга узартуу демилгеси боюнча Президенттин иш башкармалыгы маалымат жыйын берген. Айдоочулукка окутууда кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатат? Бул шилтемеден окусаңыз болот.
Айта кетсек, буга чейин айдоочулук күбөлүктү окутуунун мөөнөтүн 14 айга узартуу демилгеси боюнча Президенттин иш башкармалыгы маалымат жыйын берген. Айдоочулукка окутууда кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатат? Бул шилтемеден окусаңыз болот.
Ал эми электр энергиясындагы абал, быйыл кышында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүнбү? Бул шилтемеде.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(3)
nyrbekali87
12.11.2025. 19:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр Кыргызстанда бир эле көрүнүш басымдуу болуп калды: бийликтин үстүнө оорчулук түшсө, аны чечкендин ордуна, биринчи кезекте Атамбаевге же мурдагы “системага” одара салуу модага айланды. Маселелерди терең талдоонун ордуна, бийлик «эскилердин айынан» деп баа берүүгө ыкташууда. Бул туура эмес.
Rusi79
13.11.2025. 02:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nyrbekali87,Мурункулардын кимиси жакшы жумуш кылды эле,маселени терең талдасаң ушул сөздү сен жазат белең,эски системадан сага окшогон "эксперт"сөрөйлөрдөн,тили сайрап реалдуу иш кылбагандар азайган азайганда өнүгөбүз.
Azat-123
14.11.2025. 12:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nyrbekali87 30жыл сазга баткан өлкөнү акырындык менен сууруп тазалап чыгаруу оңой жумуш эмес
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















