Манас шаарында "MANAS CUP-2025" эл аралык мелдеши өтөт (видео)
12-15-18-ноябрь күндөрү Манас шаарында эл аралык "MANAS CUP 2025" (U-23) эл аралык футболдук мелдеши өткөрүлөт. Мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Орусиянын Олимпиадалык курамалары күч сынашат.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюндар Манас шаарынын "Курманбек" стадионунда өтөт.
Турнирдин максаты - жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат.
Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында Кыргызстандын курама командасы 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Мекемеден кошумчалашкандай, курама команданын оюндарынын алдында күйөрмандар үчүн атайын концерттик, шоу- программа уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулат.
"Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды оюндарды көрүүгө жана улуттук командага колдоо көрсөтүүгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.
Курама команданын беттештеринин жүгүртмөсү:
12-ноябрь, саат 19:00дө, Кыргызстан - Бахрейн
15-ноябрь, саат 19:00дө, Иран - Кыргызстан
18-ноябрь, саат 19:00дө, Кыргызстан -Орусия
Манас шаарында MANAS CUP 2025 эл аралык мелдеши өтөт
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















