Бишкекте 7 миллион сомдук кибер алдамчылыкка шектелип эки жигит кармалды
Бишкек милициясы 7,5 миллион сомдук кибер алдамчылык схемасына катышкан жарандарды кармады.
Маалым болгондой, 6-ноябрда милицияга бир жаран арыз менен кайрылды. Анда 5-6-ноябрь күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын, Антикоррупциялык кызматтын жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырып, аны "атайын аскердик операцияны жана террордук уюмдарды каржылоого катышы бар" деп шылтоо менен алдап, анын акчасын ээлеп алышкан. Акча каражаттары Бишкек шаарындагы соода борборлорунда жайгашкан банкоматтар аркылуу которулган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион 500 миң сомду түзөт.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө, алдын ала сүйлөшүү жолу менен адамдардын тобу тарабынан жасалган) ылайык кылмыш иши козголду.
Натыйжада 2007-жылы туулган Б.А. жана 2004-жылы туулган М.Б. кармалды. Тергөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















