Бишкекте мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал" рейди өткөрүлдү
Бишкек шаарында "Нелегал" аттуу алдын алуу рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында мыйзамдуу жашоо жана эмгектенүү тартибин текшерүү болду.
Рейд учурунда "Ош базарынын" аймагында 120дан ашуун чет элдик жаран текшерилди. Натыйжада 23 адам өлкө аймагында болуу эрежесин бузганы үчүн, 2 кыргыз жаранына мыйзамсыз чет элдик жумушчу күчүн пайдаланганы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.
Бардык материалдар тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















