Бишкекте интим кызматын көрсөткөндөргө чара көрүлдү
Бишкекте интим кызматын көрсөтүп келген деп шектелген 12 аялга чара көрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы 12 сауна жана 26 мейманкана текшерилген. Бул жайлардын бардык ээлери жана администраторлору милицияга жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өлкө мыйзамдарын сактоого милдеттендирилген. Жалпысынан адеп-ахлакка каршы жашоо образын алып барган деп 41 адам кармалганын, алар менен тиешелүү тергөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Шаардык милиция жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн делген 12 аялга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протоколдор түзүлгөнүн кошумчалады.
Бишкекте интим кызматын көрсөткөндөргө чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















