Чаткалда күйөөсү сабады делген аял жардан кулап кеткени айтылды
Жалал-Абад облустук милициясы Чаткал районунда күйөөсүнүн токмогуна кабылды делген аял тууралуу билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-ноябрда 21:50 чамасында милицияга райондук ооруканадан 41 жаштагы аял киши денесинен жаракат алып хирургия бөлүмүнө кайрылганы тууралуу кабар түшкөн. Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүүдө ал 43 жаштагы жолдошу мас абалында үйүнө келип жаңжал салган учурда кошунасынын үйүнө качып барганын, андан соң кайра өз үйүнө бара жатып, 7-8 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткендигин айткан. Аял жолдошу ага кол көтөрбөгөндүгүн, аны бир тууган агасы жардан алып чыгып ооруканага алып келгендигин билдирген.
Жабырлануучунун денесиндеги жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ошондой эле жолдошуна карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы анын мас абалда экендигин көрсөткөн. Учурда териштирүү иштери уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Чаткалда бир айым жолдошунун ур-токмогуна кабылганы тууралуу маалымат сүрөтү менен тараган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















