Додик аттуу УКТ мүчөсү Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келди
Додик деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун 41 жаштагы мүчөсү Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберген. Мындан улам ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш изи козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Мындан тышкары, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо үчүн Манас шаарында курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталган.
Атайын кызмат ал Женго каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгонун, мурда каракчылык үчүн соттолгонун белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















