super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин Көк-Жар конушунда чуу жараткан жер тилкелери мамлекетке алынды

 

Бишкектеги Көк-Жар конушунда жайгашкан 6 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл чарба багытында болгон жер тилкелери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке алынган. Аталган жер тилкелеринин базар баасы 150 миллион сом деп бааланган.

Тергөөдө айрым жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, Көк-Жар конушунун 172-контурундагы жерлер мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүлгөнү аныкталган.

Натыйжада 14 жаранга айып пул салынган. Ал эми жогоруда айтылган 6 гектар жер тилкелерин тергөөдө 6 жаран ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп беришкен. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, мэрия Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы коңушунун 172-контурунда өзүм билемдик менен айдоо жерлерге үйлөр курулуп жатканын билдирип, түртүрүү иштери жүргөн. Ошол учурда жолду тосуп, башаламандык уюштурду деп 5 кишини милиция кармап кеткен. Бирок алар кайра үй камагына чыгарылган.

Кийинчерээк "жер мафиясынын" өкүлдөрү кармала баштаган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: