"Силерге ишене албайсың". Трамп Сириянын президенти аш-Шараадан канча аялы бар экенин сурады
АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын президенти Ахмед аш-Шараадан Вашингтондогу сапары учурунда канча аялы бар экенин сурады. Бул тууралуу Newsweek басылмасы жазды.
Интернетте америкалык лидер Сириянын президентине өзүнүн бренди менен чыгарылган, баасы 249 доллар турган жыпар жыттуу атыр белек кылып жатканы тартылган видео кеңири тарады. Трамп бул эркектерге арналган жыт экенин айтып, андан бир аз өзүнө, аш-Шараага жана Сириянын тышкы иштер министри Асаад Хасан аш-Шибаниге сепкен. Экинчи флакондогу атырды ал аш-Шараанын жубайы үчүн даярдаган.
"Канча аял? Бирөөбү? Жигиттер, силерге эч качан ишене албайсың",- деп тамашалаган Трамп. Ал эми Сириянын президенти азыркы учурда бир эле аялы бар экенин айткан.
Эске салсак, 9-ноябрда аш-Шараа АКШга расмий сапар менен барган. Бул — 1946-жылы Сирия көз карандысыздык алгандан кийинки Сирия президентинин тарыхында Ак үйгө биринчи жолу баруусу болуп саналат. Асаддар үй-бүлөсү башкарган мезгилде эки өлкөнүн мамилеси чыңалуу үстүндө болуп, мындай жолугушуулар мүмкүн болбой келген.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















