Чүйдө баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап, сатууга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды
Чүйдө баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап, сатууга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына "Тойбосс" ЖЧКсынын жанында, Ново-Покровка айылында белгисиз адамдын колундагы баштыгында баңгизат болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн.
Бул факт Ысык-Ата РИИБиге катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып Ново-Покровка - Чоң-Далы автожолунда чет өлкөлүк 2002-жылы туулган М.М. аттуу жаран токтотулган.
Текшерүү учурунда анын колундагы кара түстөгү баштыктын ичинен өзгөчө жыт чыккан күрөң түстөгү 24 даана резина капсулалары табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 116,1 граммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын курамында никотин жана MDMB(N) психотроптук заты бар экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















