АКШнын Өкүлдөр палатасы шатдаунду аяктоого багытталган мыйзам долбоорун жактырды
АКШнын Өкүлдөр палатасы өлкө тарыхындагы эң узакка созулган шатдаунду (өкмөт ишинин токтоп калышы) токтотууга мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Жыйындын түз эфирдеги көрсөтүүсүн C-Span порталы жүргүздү.
Маалыматка караганда, федералдык өкмөттүн ишин каржылоо мөөнөтүн 2026-жылдын 30-январына чейин узартуу сунушталууда. Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп кол коюшу керек.
1-октябрдан тарта АКШда өкмөттүн иши убактылуу токтотулган. Буга Сенаттын 14 аракеттен кийин да бюджет долбоору боюнча макулдашууга келе албай калганы себеп болгон. Бул өлкө тарыхындагы 22-шатдаун болуп, Трамп президент болгондон берки төртүнчүсү болуп эсептелет.
9-ноябрда АКШ Конгрессинин Сенатындагы демократтардын бир тобу федералдык өкмөттүн ишин кайра жандандырууга багытталган мыйзам долбоорлор пакетин колдоо үчүн республикачылар менен бирге добуш берүүгө даяр экенин билдиришкен. Бул келишим "Бейтаптарды коргоо жана жеткиликтүү медициналык тейлөө жөнүндө" мыйзам жана федералдык кызматкерлердин санын кыскартуу маселелери боюнча добуш берүүгө макулдук алуу аркылуу жетишилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















