super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда? Мэрия даректерди, бааларды тизмектеди

 

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, борбор калаада көмүрдүн баасы тоннасына 5800 сомдон 8000 сомго чейин сатылууда.

Мэриянын Отун жана энергетика департаментинин маалыматы боюнча, алдыдагы жылытуу сезонуна борбор калаанын тургундарын камсыз кылуу үчүн 240 200 тонна көмүр сатып алуу пландаштырылууда. Ушул жылдын 11-ноябрына карата 159 430 тонна көмүр сатылып алынды, бул пландын 66,3 пайызын түзөт. Көмүр сатып алуу ушул жылдын июль айында башталып, жылдын аягына чейин уланат.

Учурда калган көмүр запасы төмөнкүдөй:

• отун кампаларында – 3741 тонна;
• стационардык сатуу пункттарында – 195 тонна;
• "Кыргызкөмүрдүн" отун кампаларында – 350 тонна.

Отун-энергетика департаменти Энергетика министрлиги, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Муниципалдык инспекция, ошондой эле акимчиликтердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен биргеликте отун кампаларын жана көмүр сатуу пункттарын текшерди.

Текшерүүлөрдүн максаты - катуу отун запастарын текшерүү, чекене бааларды көзөмөлдөө жана 0-13 миллиметр үлүштөгү көмүрдү сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салуу болгон. Анын жүрүшүндө көмүрдүн баасы өндүрүштүн сортуна жана жайгашкан жерине жараша тоннасына 5800 сомдон 8000 сомго чейин экени аныкталган.

Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун кампасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштейт.

Отун базалары:

Ленин району:

  1. Мурман көч., 126;
  2. Мурман көч., 45/2. “Кара Тоо” ЖЧКсы;
  3. Мурман көч., 122, 122а. “Береке” ЖЧКсы;
  4. Мурман көч., 1б. “Беш-Сары” ЖЧКсы;
  5. Алыкулов көч., 3;
  6. Ден Сяопин пр., 308/4. “Болотбеков” ЖИ;
  7. Б.Алыкулов көч., 6б. “АбиевНурлан” ЖИ;
  8. Б.Алыкулов көч., 1д/1.

Октябрь району:

  1. Аламүдүн станциясындагы Төкөлдөш конушу, "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы.

Свердлов району:

  1. Достоевский көчөсү, 1. "Гефест" ЖИ.

Көмүр сатуучу стационардык пунктар:

Свердлов району:

  1. Лебединовка МАБ, Жеңиш проспекти, №23;
  2. Жеңиш проспекти, №289;
  3. Биримдик-Кут конушу, 26-контур;
  4. Ак-Жар конушу, борбордук көчө;
  5. Аламүдүн МАБ, Алмата көчөсү, №262;
  6. Төмөнкү Ала-Арча МАБ, Кыргыз көчөсү, 1/а;
  7. Кыргыз көчөсү №8, 10, 12, 20, 24;

Октябрь району:

  1. Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-Апрель көч., №32, Мадиева көч., 38;
  3. Көк-Жар конушу, Полевая көч., 1/7;
  4. Кара-Жыгач конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
  5. Төкөлдөш конушу, Сары-Өзөн көч., 98а;
  6. Рухий Мурас конушу, Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилиши.

Биринчи Май району:

  1. Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, №50;
  2. Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  3. Щербаков көчөсү, №121;
  4. Алтын-Бешик конушу, Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилиши;
  5. Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
  6. Калыс-Ордо конушу, айланма жол №207 МАБ;
  7. Калыс-Ордо конушу айланма жол;
  8. Жаш Гвардия бульвары, №177.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: