super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунда эки унаа сүзүшүп, бир жаран каза болду (видео)

 

Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 11-ноябрда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунда болгон. Чыгышты көздөй бара жаткан BMW X5 унаасынын айдоочусу ашып өтүүгө аракет кылып каршы тилкеге ​​чыгып, каршы тарапта келе жаткан Mercedes-Benz унаасы менен кагылышкан. Кагылышуунун натыйжасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу, Жети-Өгүз районунун 1998-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон.

Кырсык Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо журналына катталган. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда эки унаа кагышып, бир жаран каза болду 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: