Молдова Кыргызстанга виза режимин киргизүүнү көздөп жатат
Молдова өкмөтү 1992-жылы Бишкекте КМШ өлкөлөрү тарабынан кол коюлган визасыз жүрүү келишимин жокко чыгарууга даярданып жатат. Бул чечим Тажикстан жана Кыргызстан жарандарына гана тиешелүү болот.
Молдованын маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Тышкы иштер министрлиги бул боюнча келишимдин долбоорун даярдап, өкмөттүн жыйынында каралат.
Эгерде өкмөт демилгени жактырса, документ акыркы бекитүү үчүн парламентке жөнөтүлөт.
Молдованын Тышкы иштер министрлиги келишимдин жакында денонсацияланышы Орусия жарандарына тиешелүү эместигин, анткени Молдова менен Орусиянын ортосунда өзүнчө эки тараптуу келишим бар экенин жана ал күчүндө кала берерин тактады.
Ошондуктан өзгөртүүлөр Молдованын окшош келишимдери жок өлкөлөргө, тагыраагы, Тажикстан менен Кыргызстанга гана тиешелүү болот.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















