Индияда Кытай чек арасына жакын аба базасы ишке кирди
Индиянын көзөмөлүндөгү талаштуу Ладак аймагында Кытай чек арасына жакын жайгашкан Мудх-Ньома аба базасы ишке киргени жарыяланды. Бул тууралуу NDTV телекомпаниясы кабарлады.
Бийлик өкүлдөрү аба базасы ишке киргенден кийин аны согуштук учактар, тик учактар жана транспорттук учактар колдоно аларын билдиришти.
Кытай-Индия чек ара маселеси Кытай менен Индиянын ортосундагы Гималай тоолору менен курчалган белгисиз чек ара тилкеси эгемендүүлүк талаштарын жаратууда. Эки өлкөнүн ортосундагы Гималайдагы талаштуу чек ара тилкесинде 2020-жылы чыккан кагылышуу менен курчуган пикир келишпестикти чечүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылы макулдашуу менен аяктаган.
Тараптар 2024-жылдын 22-октябрында эки өлкөнүн ортосундагы убактылуу чек араны түзгөн Чыныгы көзөмөл линиясынын Ладак аймагында өз ара кайгуул иштерин жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялашкан. Андан соң, 27-октябрда Индия менен Кытайдын ортосунда 5 жылдан кийин биринчи жолу түз каттам Индиянын Калькутта шаарынан Кытайдын Гуанчжоу шаарына жасалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















