super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Астанада Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны болду

 

Бүгүн, 13-ноябрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдирди.

Отурум Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында болду.

Анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды.

Касымалиев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын белгиленип, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын айтып сөзүн баштады.

“Соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жетип, ынак коңшулуктан ишенимдүү союздаштыкка айланды. Мунун баары мамлекет башчыларыбыздын саясий эркине ылайык ишке ашып жаткандыгын белгилейм”, — деди ал.

Соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгиледи. Маселен, ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйдү. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 миллион долларды түзгөн.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык отурумунун жүрүшүндө бир катар тармактарда кызматташуунун актуалдуу багыттары белгиленди.

- Чек ара аймагында Индустриялык соода-логистикалык комплексин жана Алматы облусунда мөмө-жемиштер менен жашылчаларды сактоого арналган Дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү. Бул долбоор айыл чарба продукциясынын үзгүлтүксүз жеткирүүсүн камсыз кылат.

- Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу.

- Эки тараптуу соодага олуттуу дем бере турган “Кичи-Капка – Бесагаш”, “Ак-Тилек – Карасуу” жана “Каркыра – Кеген” көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, ошондой эле “Төмөнкү-Чүй – Ак-Суу” пунктунун ишин калыбына келтирүү.

Касымалиев жана Бектенов 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолушуп, бул багытта тиешелүү иштер активдешерин кошумчалашты.

Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын соңунда тараптар отурумдун протоколуна кол коюшту. Анда соода-экономика, инвестиция, суу-энергетика, маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык жөнүндө маселелери камтылган.

Касымалиевдин Казакстанга белгиленген жумуш сапары аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: