super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Саламаттык сактоо министри Чечейбаев Париждеги ооруканаларды кыдырды (сүрөт)

 
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган Кыргыз делегациясы Париж шаарындагы бир катар алдынкы медициналык мекемелерди кыдырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Анда Кыргыз делегациясы адистештирилген медициналык жардамды жана бейтаптарды реабилитациялоону уюштуруу боюнча тажрыйба менен таанышты.
Делегация Адольф де Ротшильд фондунун ооруканасына (Hôpital Fondation Adolphe de Rothschild, HFAR) барды. Бул Европадагы нейрохирургия, неврология жана офтальмология боюнча алдынкы борборлордун бири болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө Кыргыз тарап неврологиялык ыкчам жардам көрсөтүү системи, инсульт алган бейтаптарды багыттоо процесси, ошондой эле оорунун курч стадиясынан кийинки реабилитация жана калыбына келтирүү иштеринин уюштурулушу менен таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында ыкчам неврология жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди. Ошондой эле Кыргызстан менен аталган оорукананын дарыгерлери ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу пландалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: