Чүйдө таштанды челектен ымыркайдын сөөгү табылып, шектүү кармалды
Чүй облусунун Сокулук районундагы таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрда болжол менен саат 12:30 чамасында Сокулук райондук милициясына Комсомольское айылынын тургуну таштандыда жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат берген.
Бул факт мыйзамга ылайык катталып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.
"Ымыркайдын сөөгү ак баштыкка салынып, үстүнө кара түстөгү аял кишинин футболкасы оролгон. Ымыркайдын киндиги кесилбеген абалда болгон. Сөөк өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү",- деп жазылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары, 23 жаштагы А.Ф. аттуу жаран кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















