Ташиевдин тапшырмасынан кийин базардагы бааларга мониторинг күчөтүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагында социалдык маанилүү товарлардын бааларына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Ага ылайык, мониторинг базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде жүргүзүлүүдө.
- 1-сорт ун (жергиликтүү, салмак менен) - 35,1 сом (килограмм)
- 1-сорт ун (импорттук, салмак менен) - 44,6 сом (килограмм)
- Формовой буудай наны - 65,7 сом (килограмм)
- Лепешка - 96,4 сом (килограмм)
- Пастеризацияланган сүт 2,5–3,2 пайыз - 77,8 сом (литр)
- Рафинаддалган күн карама майы - 156,8 сом (литр)
- Май - (каймак, туздалбаган, 72,5 пайыз+) 644,5 (килограмм)
- Уй эти (сөөктүү) - 675 сом (килограмм)
- Кой эти - (сөөктүү) - 674,7 сом (килограмм)
- Кумшекер - 75,6 сом (килограмм)
- Аш күрүч (ак, майдаланган) - 144,6 сом (килограмм)
- Макарон (вермишель, салмак менен) - 75,7 сом (килограмм)
- Макарон (спагетти, таңгакта) - 74,4 сом (400 грамм)
- Макарон (рожки, салмак менен) - 74,1 сом (килограмм)
- Жумуртка - 103,1 сом (10 даана)
- Картошка - 40,6 сом (килограмм)
- Сабиз - 47,5 сом (килограмм)
- Пияз - 29,5 сом (килограмм)
- Көмүр (жергиликтүү) - 6943,8 сом (тонна)
- Көмүр (импорттук) - 8587,5 сом (тонна)
- Бензин Аи-92 - 74,9 сом (литр)
- Дизель отуну (жаз-күзгү) - 80,6 сом (литр)
- СУГ / Автогаз - 38,9 сом (литр)
- Суюлтулган газ - 735,2 сом (баллон, 10 килограмм)
- Минералдык жер семирткич (аммиак селитрасы) - 31,6 сом (килограмм)
- Минералдык жер семирткич (карбамид) - 41,4 сом (килограмм)
- Минералдык жер семирткич (аммофос) - 48,1 сом (килограмм)
- Чөп - 318,3 сом (тюк)
- Саман - 200,4 сом (тюк)
- Комбикорм (универсал) 28,2 сом (килограмм)
- Кебек 22,2 сом (килограмм)
- Жүгөрү - 26,9 сом (килограмм)
- Пашня буудайы - 24,9 сом (килограмм)
Анын жыйынтыгы боюнча товарлардын базардык баалары катталып турат. Эгерде бааларды негизсиз жогорулатуу же мамлекеттик жөнгө салуу тартибин бузуу фактылары аныкталса, жарандар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлери аркылуу кайрыла алышат:
- Борбордук аппарат: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 7б/1. Телефон: 0312 56 31 97
- Чүй облусу: (312) 66 52 04
- Бишкек шаары: (312) 66 49 44
- Ош облусу: (3222) 5 50 97
- Ош шаары: (3222) 5 63 42
- Баткен облусу: (3622) 5 03 23
- Талас облусу: (3422) 5 58 51
- Ысык-Көл облусу: (3922) 3 18 86
- Жалал-Абад облусу: (3722) 7 00 25
- Нарын облусу: (3522) 5 09 53
Белгилей кетсек, кечээ, 13-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө эт азыктарына болгон баанын өсүшүн көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү бийлик башчыларына тапшырма берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















