Орусия орус тили расмий түрдө колдонулган өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүн тааныйт
Орусия орус тили расмий статуска ээ болгон өлкөлөрдөн келген жана айдоочу катары иштөөнү каалаган адамдардын айдоочулук күбөлүктөрүн тааныйт. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин төмөнкү палатанын пленардык жыйынында билдиргенин орус басылмалары жазышты.
"Эгер адам орус тили расмий статуска ээ эмес өлкөдөн келсе, биз алардын айдоочулук күбөлүктөрүн тааный албайбыз. Мындай учурда ал өлкөнүн жарандары Орусияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди тапшыруусу керек",- деди Володин.
Ал ошондой эле орус тилин билүү Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүктөрдү таанууда "негизги маселе" экенин белгиледи. Анын айтымында, Орусияга келген жана бул жерде иштөөнү каалаган адамдар орус тилин билүүгө, улуттук мыйзамдарды, маданиятты, салттарды жана тарыхты сыйлоого тийиш.
Азыркы мыйзамга ылайык, Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүктөр таанылат. Алар орус тилине которулуп, нотариалдык жактан тастыкталышы керек. Ал эми орус тили расмий статуска ээ Абхазия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Түштүк Осетиянын жарандары үчүн мындай талаптар колдонулбайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















